Кыргызстан БУУ менен тынчтык орнотуу чөйрөсүндөгү кызматташууну талкуулады
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров БУУнун Тынчтык орнотуу операциялары боюнча Башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, тараптар Кыргызстандын БУУ менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жаатындагы кызматташтыгын талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердигинин алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
Жолугушууда алдын алуу дипломатиясын чыңдоо, тынчтык орнотуу миссияларынын реалдуу мандаттарын түзүү, БУУнун персоналынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандык калкты коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле тынчтык орнотуу операцияларынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар кыргызстандык аскер кызматчыларынын БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуусун да талкуулап, тынчтык орнотуучу персоналдын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүнүн алкагындагы артыкчылыктарын ишке ашырууга даяр экенин билдиришти