Ош облусунда магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды

Ош облусунда магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды

Бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды. Силкинүү Ош облусунун айрым калктуу конуштарында сезилген. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө саат 07:55те болгон. Анын очогу 20 чакырым тереңдикте жайгашып, очогундагы күчү болжол менен 3 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн эпицентри Шоро-Башат айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Шералы айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Манас шаарынан 21 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Шоро-Башат айылында жер титирөө болжол менен 2,5 балл күчүндө сезилген.

Бул Кыргызстанда акыркы бир жума ичинде катталган биринчи жер титирөө эмес. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда кечинде өлкө аймагында жарым саатка жетпеген аралыкта магнитудасы 3,4 жана 4 болгон эки жер титирөө катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media