Ошто бүгүн 10 миңден ашуун бала 1-класска барды
Бүгүн Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 мектепте өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.
Быйыл Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Анын ичинен кыргыз тилдүү класстарга 4330 орун бөлүнүп, 2790 окуучу, ал эми орус тилдүү класстарга 7866 орун бөлүнүп, 7613 окуучу кабыл алынган.
Ошондой эле №35 мектептин жаңы курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. Мэр мектепке окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү максатында интерактивдүү доска белек кылды