Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады. Президент куттуктоосунда билим жана илим өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгиледи.

"Бүгүнкү глобалдашуу доорунда биздин негизги куралыбыз – терең билим жана заманбап илим болушу шарт. Биз мекенчил, атаандаштыкка жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлде теңтайлаша алган күчтүү муунду тарбиялоо менен гана өлкөбүздүн көз карандысыздыгын чындап чыңдай алабыз", - деди президент.

Ал ошондой эле билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча "Алтын Казык" мамлекеттик программасы ишке ашырылып жатканын белгилеп, анын алкагында мектеп программалары жаңыланып, STEM предметтерине, жасалма интеллектке, чет тилдерине жана функционалдык сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

"Билимдүү, мекенчил жана намыскөй муун – биздин эгемендигибиздин эң бекем калканы!" - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мугалимдердин эмгегине токтолуп, алардын коомдогу кадыр-баркын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин айтты. Анын белгилешинче, үстүбүздөгү жылдын апрель айында мугалимдердин айлык маянасынын 100 пайызга жогорулатылышы агартуучулардын социалдык макамын көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

Президент мугалимдерге, окуучуларга, студенттерге жана ата-энелерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгиликтерди каалап, Билим күнү менен куттуктады.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media