Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектеп пайдаланууга берилди

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектеп пайдаланууга берилди

2026–2027-жаңы окуу жылына карата республика боюнча 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Алардын ичинен 40 объект жаңыдан курулса, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

Курулуш министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 26, Ысык-Көлдө 11, Нарында 13, Ош облусунда 9 жана Таласта 4 объекттин иштери аяктады.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери жүрүп жатат.

Министрлик билим берүү объектилеринин сапаттуу курулушуна, иштердин белгиленген мөөнөттө аякташына жана окуучулар үчүн тиешелүү шарттардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media