Айрым аймактарда юридикалык өкүлдөрдүн талаптарын убактылуу жеңилдетүү сунушталууда

Айрым аймактарда юридикалык өкүлдөрдүн талаптарын убактылуу жеңилдетүү сунушталууда

Юстиция министрлиги айрым административдик-аймактык бирдиктерде юридикалык өкүлдөргө коюлуучу квалификациялык талаптардан убактылуу өзгөчөлүктөрдү колдонуу тартибин киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү буйруктун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоор калкка юридикалык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ага ылайык, айрым аймактарда адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн жетишсиздиги, калктуу конуштардын алыстыгы, транспорттук жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү жана башка объективдүү себептерден улам жарандардын квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгү чектелиши белгиленген.

Өзгөчөлүктөр адамдын билим деңгээлине жараша айырмаланат. Мисалы, жогорку юридикалык билими бар адамдар үчүн иш стажы жана кошумча кесиптик даярдык тууралуу талаптарды колдонбоо сунушталууда. Ал эми башка багыттагы жогорку билими бар адамдарга юридикалык билим жана иш стажы боюнча талаптарды колдонбоо, бирок соттук өкүлчүлүк боюнча кошумча кесиптик даярдыктан өтүү талабын сактоо каралган.

Мындай жеңилдиктер бардык аймактарга автоматтык түрдө жайылтылбайт. Юстиция министрлиги алардын колдонулуучу административдик-аймактык бирдиктеринин атайын тизмесин түзүүнү сунуштоодо.

Долбоорго ылайык, аймактарды аныктоодо калктын саны жана жайгашуусу, иштеп жаткан адвокаттардын жана юридикалык өкүлдөрдүн саны, калктуу конуштардын алыстыгы, транспорттук жеткиликтүүлүк, соттук өкүлчүлүккө болгон реалдуу муктаждык сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат.

Мындан тышкары, соттордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн, Кыргызстандын Адвокатурасынын жана Юридикалык жардам кызматынын маалыматтары да каралат.

Долбоордо бул өзгөчөлүктөр 2028-жылдын 31-декабрына чейин колдонулушу сунушталган. Бул мөөнөт ичинде механизмдин натыйжалуулугун баалап, зарыл болсо тиешелүү аймактардын тизмесин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошол эле учурда алимент өндүрүү жана доонун баасы 10 миң сомдон ашпаган акча каражатын өндүрүү боюнча иштерде аймакка карабастан айрым өзгөчөлүктөрдү колдонуу сунушталууда.

Министрлик сунушталган механизм юридикалык өкүлдүн статусун алуунун жалпы тартибин өзгөртпөй турганын белгилейт. Өзгөчөлүктөр убактылуу жана аймактык чектөө менен гана колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media