Балыкчыда "Дипломат" мектеби 50 млн сомго кеңейтилет

Балыкчыда "Дипломат" мектеби 50 млн сомго кеңейтилет

Балыкчы шаарындагы "Дипломат" мектебин кеңейтүү үчүн 50 млн сомдук каржылоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу окуу корпусу жана жабык спорт зал курулат. Жаңы имараттын аянты 750 чарчы метрден ашат.

"Дипломат" мектеби 2022-жылы мурдагы коммерциялык банктын имаратында ачылып, алгач 37 бала билим алган. Учурда мектепте 200гө жакын окуучу окуйт, дагы 78 бала кезекте турат.

Фонддун маалыматына караганда, азыркы окуу жайдын имараттары толук пайдаланылып жатат. Жаңы корпус мектепке көбүрөөк окуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, мектеп социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктерди берет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн