Бишкекте айыл чарба продукциясынын сапаты жана экспорт боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте айыл чарба продукциясынын сапаты жана экспорт боюнча семинар өтүүдө

16–18-сентябрда Бишкекте айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу жана экспорттук көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча семинар өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Иш-чарага БУУ ЕЭК, БУУӨП, ЭКӨУ жана Hilfswerk International уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Семинардын жүрүшүндө эл аралык стандарттар, чет өлкөлүк рыноктордун талаптары жана продукциянын шайкештигин тастыктоо маселелери талкууланууда.

Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу, кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк SupTech технологияларын 2031-жылга чейин өнүктүрөт

Улуттук банк SupTech технологияларын 2031-жылга чейин өнүктүрөт

Кыргызстандын Улуттук банкы көзөмөл технологияларын (SupTech) 2026–2031-жылдарга өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитти. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, мындай программалар дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн финансылык жөнгө салуучу органдарында ишке ашырылып жатат жана жөнгө салуу практикасын өнүктүрүүнүн жалпыга бирдей

Балыкчыда "Дипломат" мектеби 50 млн сомго кеңейтилет

Балыкчыда "Дипломат" мектеби 50 млн сомго кеңейтилет

Балыкчы шаарындагы "Дипломат" мектебин кеңейтүү үчүн 50 млн сомдук каржылоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу окуу корпусу жана жабык спорт зал курулат. Жаңы имараттын аянты 750 чарчы метрден ашат. "Дипломат"

“Биз эл менен» кайрымдуулук фонду элди алдап келгени айтылууда

“Биз эл менен» кайрымдуулук фонду элди алдап келгени айтылууда

Ички иштер министрлигине Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында өздөрүн кайрымдуулук уюмдарынын ыктыярчылары катары тааныштырып, коомдук жайларда, анын ичинде мечиттердин жанында жана жол жээктеринде жарандардан акча каражаттарын чогулткан адамдардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдан бери иш алып барган «Биз эл менен»

Борбордук Азия жана Корея "Сеул декларациясына" кол коюшту

Борбордук Азия жана Корея "Сеул декларациясына" кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында өткөн "Борбордук Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары "Сеул декларациясына" кол коюшту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Документке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Корея Республикасынын лидерлери кол койду. Анда тараптардын өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, коопсуздук, инвестиция, соода, транспорт,