Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду

Бишкекте синтетикалык баңгизатты мыйзамсыз ташып келүү ишине бөгөт коюлду

“Түндүк” темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “мефедрон” аттуу синтетикалык баңгизатты Республиканын аймагына мыйзамсыз ташып келүү каналына бөгөт коюшту.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 2008-жылы туулган А.А.Б. аттуу жаран кармалды. Кармалган жарандан өзгөчө ири өлчөмдө “мефедрон” аттуу синтетикалык баңгизат табылып, алынган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, алынган баңгизаттын партиясын мыйзамсыз саткан учурда А.А.Б. жана башка тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз кирешеси 10 миллион сомдон ашмак.

Аталган факты боюнча баңгизаттын келип чыгуу булагын, аны мыйзамсыз ташып келүү каналдарын, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактардын уруктары жыйналууда

Нарын токой чарбасында көчөт өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү максатында ийне жалбырактуу дарактардын уруктарын жыйноо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Токой кызматы кабарлады. Токой чарбасынын адистери жетилген дарактардан уруктарды чогултуп, тазалап, кургатып жана сапатына жараша иргеп жатышат. Ошондой эле жыйналган уруктарды сактоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жыйналган уруктар келерки мезгилде көчөтканаларда

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Кыргызстанда топурак-химиялык лаборатория биринчи жолу аккредитациядан өттү

Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы аккредитациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Лаборатория Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитацияланып, ага № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди. Министрликтин маалыматына караганда, лаборатория өлкөдөгү ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин арасында биринчи болуп аккредитациядан өттү. Анда топурактын,

Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда көлдүн акваториясынан 3 миң 200 метр эски синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, рейд 14–15-сентябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Синтетикалык торлор балыкты мыйзамсыз кармоодо колдонулганы