Борбордук Азия жана Корея "Сеул декларациясына" кол коюшту

Борбордук Азия жана Корея "Сеул декларациясына" кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында өткөн "Борбордук Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары "Сеул декларациясына" кол коюшту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Документке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Корея Республикасынын лидерлери кол койду. Анда тараптардын өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, коопсуздук, инвестиция, соода, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана технология тармактарындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча багыттар камтылган.

Тараптар "Корея Республикасы - Борбордук Азия" саммитин эки жылда бир жолу өткөрүүгө макулдашты. Саммиттердин ортосунда тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде кызматташуу форумун өткөрүү каралууда.

Ошондой эле биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, критикалык минералдар, жасалма интеллект, айыл чарбасы, таза энергетика, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстары боюнча кызматташтыкты күчөтүү белгиленди.

Мындан тышкары билим берүү, илимий изилдөө, маданият, авиация жана эмгек ресурстары жаатындагы гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча макулдашуулар камтылды.

Казакстан 2028-жылы Астанада "Борбордук Азия - Корея Республикасы" экинчи саммитин өткөрүүгө даяр экенин билдирип, бул сунуш башка мамлекеттер тарабынан колдоого алынды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн