Кажы-Сайда уран өндүрүшүнөн калган имараттар рекультивацияланат
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында совет мезгилиндеги уран өндүрүшүнөн калган имараттар, шахта жана радиоактивдүү күл төгүндүлөрү рекультивацияланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министри Канатбек Чыныбаев айылга болгон иш сапарында рекультивациялоо иштерине даярдыкты жеринен көрүп, "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен калдык сактоочу жайдын айланасын зыянсыздандыруу маселесин талкуулады.
Белгилей кетсек, 2019-жылы Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жайда рекультивациялоо иштери аяктаган. Эми уран өндүрүшүнөн калган имараттарды демонтаждоо жана радиоактивдүү күл төгүндүлөрүн коопсуз жайга көчүрүү пландалууда.
Министр тиешелүү кызматтарга иштерди сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берип, рекультивациялоо Кажы-Сай тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууда жана аймакта туризмди өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.