Садыр Жапаров Сеулда бизнес-саммитке катышты
Өлкө башысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында өткөн "Борбордук Азия - Корея Республикасы" биринчи саммитинин алкагындагы бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кореянын экономикалык өнөктөштүгүн конкреттүү долбоорлор аркылуу кеңейтүүгө чакырып, энергетика, транспорт, өнөр жай, туризм, агроөнөр жай жана санариптик технологияларды артыкчылыктуу багыттар катары белгиледи. Ал кореялык компанияларды Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга, энергетикалык объектилерди модернизациялоого, "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун боюнда индустриялык парктарды жана логистикалык борборлорду түзүүгө катышууга чакырды.
Ошондой эле "Ала-Тоо Резорт" тоо курортун өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, адистерди даярдоо борборлорун түзүү жана технологиялык стартаптарды колдоо боюнча сунуштар айтылды. Президент Кыргызстан инвесторлорго долбоорду тандоодон тартып өндүрүштү ишке киргизүүгө чейин "бирдиктүү терезе" принциби боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Бизнес-саммитке 30дан ашуун кыргызстандык жана 50гө жакын кореялык компания катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында тараптардын ортосунда 10 документке кол коюлду.