Ысык-Көлдө рейд учурунда 3,2 миң метр синтетикалык тор чыгарылды
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда көлдүн акваториясынан 3 миң 200 метр эски синтетикалык тор жана 70 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, рейд 14–15-сентябрда министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Синтетикалык торлор балыкты мыйзамсыз кармоодо колдонулганы аныкталган.
Министрлик мындай иш-чаралар суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында туруктуу жүргүзүлүп жатканын билдирди.