Яндекс Кыргызстан такси тармагындагы ишкерлерди колдоого 152 млн сомго чейин бөлүп жатат

Яндекс Кыргызстан такси тармагындагы ишкерлерди колдоого 152 млн сомго чейин бөлүп жатат

Яндекс Кыргызстан такси тармагында бизнесин өнүктүрүүнү каалаган ишкерлерди колдоого багытталган үч жылдык программаны ишке киргизди. Программанын жалпы фонду - 152 млн сомго чейин жетип, аны катышуучулар Яндекс Таксиге биринчи жолу туташтырылган унаалар үчүн колдоно алышат.

Программага сервистин жаңы жана учурдагы өнөктөштөрү катыша алышат. Бул үчүн 10дон 100гө чейин унаа алып, аларды буйрутмаларды аткаруу үчүн Яндекс Таксиге биринчи жолу катталышы тийиш. Ар бир ушундай унаа үчүн өнөктөш үч жыл аралыгында 304 миң сомго чейин колдоо ала алат.

Программа боюнча төлөмдөрдөн тышкары, унаалар сервисте иштөө аркылуу өнөктөштөргө киреше алып келиши мүмкүн. Яндекс Таксинин өнөктөштөрүнүн 2026-жылдын август айындагы маалыматына ылайык, 10 унаадан турган парк айына орточо 660 миң сомго жакын киреше алат.

Унаалар маркасы жана чыгарылган жылы боюнча сервистин талаптарына жооп бериши керек. Унаалар үчүн шарттар жана талаптар программанын сайтында жарыяланган, ал жерде катышуу үчүн арыз берүү да каралган.

Программа Кыргызстандын бардык аймагында жеткиликтүү. Арыздар кезек менен каралат, ал эми программага киргизилиши мүмкүн болгон унаалардын саны чектелүү.

Жаңы өнөктөштөр үчүн такси же ага байланыштуу тармакта иш тажрыйбанын болушуна артыкчылык берилет, бирок зарыл эмес. Буга чейин бул тармакта иштебеген ишкерлер да программага катыша алышат.

Программа тууралуу толук маалымат менен таанышып, арыз берүү үчүн ушул сайтка кирүү керек https://pro.yandex/lp/kg-ky/partnership/offer/

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media