Кыргызстанда "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин маркетинг планы иштелип чыкты
Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин Улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жыйынтыктоочу жыйын аталган министрликте өттү. Ага министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты.
Бренддин негизги максаты - кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рынокто таанытуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жылына 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналат жана ал көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн киреше булагы.
Маркетинг планына бренддин логотибин, визуалдык стилин иштеп чыгуу, QR-код системасын киргизүү, социалдык тармактар аркылуу жайылтуу жана эл аралык көргөзмөлөрдө таанытуу кирет. Кийинки этапта органикалык сертификация жана географиялык көрсөткүчтү каттоо пландалууда.