ӨКМдин курман болгон лейтенантынын үй-бүлөсүнө батирдин ачкычы тапшырылды

ӨКМдин курман болгон лейтенантынын үй-бүлөсүнө батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев курман болгон куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгиледи.

Курман болгон кызматкердин жеке турак жайы жок болгондуктан, Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн каржы каражаты бөлүндү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев курман болгон кызматкердин жубайына батирдин документтерин жана жаңы турак жайдын ачкычын тапшырды.

Лейтенант Аскар Казыбеков - ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын аркалап келген. 2026-жылдын 27-июнунда Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен лейтенант Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн «Эрдик» ордени менен каза болгондон кийин сыйланган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media