Бажы кызматына иштөөнү каалагандар “Кыргызтесттен” өтүшү абзел

Бажы кызматына иштөөнү каалагандар “Кыргызтесттен” өтүшү абзел

Бажы органдарында кызмат өтөөгө кирүү үчүн конкурска катышууга документтерди тапшырууда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган “Кыргызтест” системасынын сертификаты талап кылынат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, КРнын “Мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда колдонууга тийиш.

“Дагы бир маанилүү жагдай. 2026-жылдын 31-декабрына чейин В1 деңгээли талап кылынат, ал эми 2027-жылдын 1-январынан тартып — В2 деңгээли талап кылынат. Ошондуктан, бажы органдарында кызмат өтөөнү караштырып жаткан тараптар тестирлөөдөн өтүүнү эске алышы керек” – дейт билдирүүдө.
 Ал эми конкурс өткөрүүнүн жана документтерди кабыл алуунун так мөөнөттөрү, зарыл болгон документтердин тизмеси, квалификациялык талаптар жана конкурстан өтүүнүн тартиби боюнча маалымат 2026-жылдын аягына чейин Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан кошумча жарыяланат

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media