Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдады.

Билдирүүгө караганда, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы башка объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактарга - Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, “Алтын-Ордо”, “Кара-Жыгач” конуштары  жана “Полиция шаарчасы” кирет.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Ал эми 24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймак, Жибек Жолу проспектиси, Айдарбеков көчөсү, БЧК, Саадаев көчөсү — Күрөңкөев көчөсүнөн Краснодонцев көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Ала-Арча дарыясынын түндүк тарабындагы аймак жана Маевка айылында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Мындан тышкары,  “Красный Строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын-Бешик”, “Салам-Алик”, “Ак-Босого” конуштарына, ошондой эле Ала-Арча айылына суу берүү  убактылуу токтотулат.

Ичүүчү сууну убактылуу токтотуу “Түндүк” суу топтомосунда  жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштырышууда.

Белгилей кетсек, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди «Менин шаарым»  мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media