Бишкектин райондорунда коомдук багыттагы объектилерди текшерүү иштери уланууда
Бишкек шаарынын төрт районунда коомдук багыттагы объектилерди комплекстүү текшерүү иштери уланууда. Текшерүүлөр өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун аныктоого жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган.
Текшерүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, ички иштер органдарынын, ошондой эле шаардын жана райондордун башка тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрү катышууда.
Адистер өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышын, эвакуациялык чыгуулардын жана эвакуация жолдорунун абалын, өрт сигнализациясынын иштешин, өрт өчүрүү каражаттарынын болушун, электр тармактарынын абалын, ошондой эле атайын техниканын тоскоолдуксуз кирип-чыгуусуна мүмкүнчүлүктүн бар-жогун текшерүүдө.
Ага ылайык, Ленин районунда - Ош базары, “Кыял” жана “Элит Строй” базарлары; Свердлов районунда - “Мадина” базары; Октябрь районунда “Орто-Сай” базары текшерилди. Ал эми Биринчи Май районунда адистер “Бишкек Парк” соода борборун жана “Азиз” базарын текшерүүдөн өткөрүштү.


