Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалды

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кармалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында мыйзамсыз имарат курулганы аныкталды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, имарат долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз, Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында, дарыядан 5 метр аралыкта курулган. Мунун кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон.

Иштин алкагында кылмыш жасоого шектүү катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри Бообек Ажикеев кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады