Свердлов районунда тургундар менен жергиликтү бийликтин өкүлдөрү жолугушту

Свердлов районунда тургундар менен жергиликтү бийликтин өкүлдөрү жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде Свердлов районундагы Ак-Жар конушунун тургундары менен Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын  жолугушуусу  өттү.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын курамына кирген аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер жергиликтүү тургундар менен биргеликте талкууланды.

Айрыка тургундарды ички көчөлөрдүн абалы тынчсыздандырып, көчөлөрдү асфальттоо жана жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча өтүнүчтөрүн билдиришти.

Ошондой эле аймактарды санитардык жактан тазалоо жана көрктөндүрүү, коомдук транспорттун иштеши жана каттамдары, билим берүү мекемелеринин абалы жана жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары, талаштуу жана камакка алынган жер тилкелерине байланышкан маселелер өзүнчө талкууланды.

Тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар маселелер боюнча мындан аркы чаралар аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү

Таласта «Манас Деми – 2026» кайрымдуулук жарышы өттү

Бүгүн, Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде "Манас Деми – 2026" кайрымдуулук жарышы болуп өттү. Жарышка Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жөө күлүктөр, үй-бүлөлөр, күйөрмандар жана башка коноктор катышты. Жарышка катышуучулар 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыкта күч сынашты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жарыш

Ишкер Media
Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтойт

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы суу алгычтарда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу токтотуларын маалымдады. Билдирүүгө караганда, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, саламаттык сактоо объектилерине, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы

Ишкер Media
Бишкектин райондорунда коомдук багыттагы объектилерди текшерүү иштери уланууда

Бишкектин райондорунда коомдук багыттагы объектилерди текшерүү иштери уланууда

Бишкек шаарынын төрт районунда коомдук багыттагы объектилерди комплекстүү текшерүү иштери уланууда. Текшерүүлөр өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун аныктоого жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган. Текшерүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, ички иштер органдарынын, ошондой эле шаардын жана райондордун башка тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрү катышууда. Адистер өрт коопсуздугунун талаптарынын

Ишкер Media
Президент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды. Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды. Сапардын алкагында Президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышуусу

Ишкер Media