Бишкек Hunan Construction Investment Group менен жол маселесин талкуулады

Бишкек Hunan Construction Investment Group менен жол маселесин талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында Хунань провинциясындагы ири курулуш компанияларынын бири - Hunan Construction Investment Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги темасы Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүү болду. Тараптар жолдорду куруу жана реконструкциялоо, заманбап транспорттук түйүндөрдү куруу, ошондой эле көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана унаа тыгындарын азайтуу максатында комплекстүү инженердик чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашты.

Мэр Айбек Жунушалиев кытайлык компанияга борбор калаадагы транспорттук кырдаалды изилдеп, шаардын жол тармагына өсүп жаткан жүктөмдү эске алуу менен конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.

Компаниянын өкүлдөрү чет өлкөлөрдө ири жол жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, Бишкек шаары менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар компания менен мэриянын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү, сунуштарды деталдуу иштеп чыгуу жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media