Бишкекте киберкоопсуздук боюнча CYBERNOMAD FEST 2026 өтүп жатат

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча CYBERNOMAD FEST 2026 өтүп жатат

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук «CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалы өтүүдө. “Жаштык Аренада” уюштурулган ишчарага - мамлекеттик органдардын, банктар жана каржы уюмдарынын, телекоммуникация жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышууда.

Быйыл фестиваль 700дөн ашуун катышуучуну бир аянтчага чогултту. Фестивалдын алкагында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Анда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, учурдагы киберкоркунучтар жана коопсуздук жаатындагы координацияны күчөтүү маселелери талкууланды.

“CYBERNOMAD FEST 2026” - төрт негизги багытты камтыйт: Cyber Conference форуму, Cyber EXPO технологиялык көргөзмөсү, практикалык Cyber Nomad CTF кибермелдештери жана кесиптик байланыштарды түзүүгө багытталган Networking Hub аянтчасы.
  • Cyber Nomad CTF - практикалык кибермашыгуулар жана мелдештер өзгөчө орунду ээлейт. Мелдештин финалына тандоо турларынан өткөн 11 команда чыкты. Финал Attack/Defense форматында өтүп, командалар өздөрүнүн системаларын коргоо менен бирге атаандаштарынын инфраструктурасындагы алсыздыктарды аныктоого аракет кылышат.
  • Ал эми Cyber Conference форумунда - мамлекеттик маалыматтык системаларды жана критикалык маалыматтык инфраструктураны коргоо, заманбап киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү, банк жана телекоммуникация секторлорунун коопсуздугу, ошондой эле киберкоопсуздук боюнча адистерди даярдоо маселелери талкууланууда.
  • Cyber EXPO аянтчасында - киберкоопсуздук боюнча 10дон ашык уюмдун технологиялары жана чечимдери сунушталууда.
  • Networking Hub — мамлекеттик органдардын, бизнестин, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн кесиптик баарлашуусу, жаңы байланыштарды түзүүсү жана кызматташтыкты өнүктүрүүсү үчүн түзүлгөн аянтча.

Фестивалдын негизги уюштуруучусу — КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Иш-чара Улуттук банктын, SkySOC Beeline компаниясынын жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин активдүү катышуусу жана уюштуруучулук өнөктөштүгү менен өткөрүлүүдө.

CYBERNOMAD FEST 2026 - Кыргыз Республикасында кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, практикалык тажрыйба алмашуу, жаңы адистерди даярдоо жана кибертуруктуулукту чыңдоо үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү улуттук аянтчага айланууну көздөп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media