2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринин үрөндөрү сатыкка чыкты

2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндеринин үрөндөрү сатыкка чыкты

Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин сертификацияланган үрөндөрү эркин сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, сатыкта бар сорттор:
Күздүк буудай: "Баграт", "Интенсивная", "Алексеич", "Дордой-16", "Тимирязевка 150", "Кыял", "Аср", "Стекловидная 24", "Корнетто", "Юка", "Победа-75", "Казахстанская-10"
Күздүк арпа: "Слава", "Вакула", "Адель", "Альта"
Күздүк тритикале: "Тихон"

Министрлик дыйкандарды күздүк себүүнү өз убагында жүргүзүүгө жана сертификацияланган сапаттуу үрөндөрдү колдонууга чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда ӨКМдин республикалык машыгуусу башталды

Ош облусунда ӨКМдин республикалык машыгуусу башталды

Бүгүн Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Малымдалгандай, машыгуу президент Садыр Жапаровдун 29-январдагы №20 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонууну даярдоо планынын негизинде өтүп жатат. Иш-чарага ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асанов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Жарандык коргонуу

Ишкер Media
Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ош шаарында эреже бузган жана ээсиз калтырылган унаалар үчүн атайын токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, объект Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. 5 452 чарчы метрге асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр, 549

Ишкер Media
Декларациялабаган iPhone 18 Pro телефондору «Манас» бажысынан кармалды

Декларациялабаган iPhone 18 Pro телефондору «Манас» бажысынан кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын кызматкерлери менен УКМК кызматкерлери биргеликте Евразия Экономикалык Бирлигинин жана КРнын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бажы кызматынан кабарлагандай, “Flydubai” авиакомпаниясынын Дубай - Бишкек каттамы менен учуп келген жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүү учурунда, багажды жана кол жүктү кайрадан текшерип кароодо iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18

Ишкер Media
Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Кыргызстан Кытайга дан азыктарын Торугарт аркылуу экспорттой баштайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуунун негизги жыйынтыгы - Кыргызстандан Кытайга дан азыктарын Торугарт өткөрмө пункту аркылуу экспорттоого макулдашуу болду. Бул Чүй облусунун дыйкандары үчүн Кытай рыногуна чыгуунун жаңы

Ишкер Media