Бишкек шаарында дагы бир жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарында дагы бир жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулду. Алардын бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 1200 орундуу жаңы мектеп. Бул мектепти куруу долбоору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында курулушу башталган.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда,  заманбап үлгүдөгү мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Имаратта окуу класстары менен катар лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашкан.

Курулуш иштери толугу менен аяктап, учурда мектепти пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштер жүргүзүлүүдө.

Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар үчүн кошумча орундар түзүлүп, билим берүү инфраструктурасына болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media