БШК президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти

БШК президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти

Бүгүн, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору бекитилди.

БШКнын маалыматына караганда, жободо - КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандын жана талапкерди көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, банк мекемелеринде атайын эсеп ачуу, шайлоо фондунун каражаттарынан шайлоо төгүмүн төгүү боюнча иш-аракеттеринин тартиби аныкталат.

Мындан тышкары, шайлоо фондуна каражаттардын түшүү булактары жана чектери, төлөмдөрдү жүргүзүү, кайрымдуулук кылуучуларды идентификациялоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоо жана талапкерлердин финансылык отчёттуулугунун тартиби жөнгө салынат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда салыктар боюнча мамлекеттик ЖИ-консультант AiSalyk ишке кирди

Кыргызстанда салыктар боюнча мамлекеттик ЖИ-консультант AiSalyk ишке кирди

Кыргызстанда салык маселелери боюнча мамлекеттик жасалма интеллект консультанты AiSalyk ишке кирди. Бул тууралуу "Салык Сервис" МИсы билдирди. Маалым болгондой, AiSalyk 24/7 режиминде жеткиликтүү. Анын жардамы менен салык маселесин түшүнүү үчүн адист издөөнүн же мыйзамдардагы татаал формулировкаларды өз алдынча талдап отуруунун кажети жок. Эң негизги өзгөчөлүгү - AiSalyk жеке

Ишкер Media
Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды

Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды

Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районундагы Кызыл-Тал айылында жайгашкан "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалымдалгандай, чарба жыл сайын 300 тоннадан ашык сүт өндүрөт. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылган. Атап айтканда, "Ёлочка" саан аппараттары,

Ишкер Media
КРнын Президенттигине талапкерлерге кол топтоо “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

КРнын Президенттигине талапкерлерге кол топтоо “Түндүк” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында “КРнын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” жоболор бекитилди. Жобого ылайык колдорду чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын

Ишкер Media
Ош облусунда "Ала-Тоо Амир" ишканасына 34,2 млн сомдук линия берилди

Ош облусунда "Ала-Тоо Амир" ишканасына 34,2 млн сомдук линия берилди

Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев "Ала-Тоо Амир" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Ишкана "Аймактык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында "Сүт азыктары" кошумча нарк чынжырынын агрегатору катары иш алып барат. Негизги багыты - табигый сүттөн улуттук суусундуктарды жана түштүк

Ишкер Media