Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту

Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын CNPC жана Sinopec компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, мунай кендерин чалгындоо жана иштетүү, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мунай продуктуларын өткөрүүчү куур куруу долбоорлору талкууланды.

Акунбеков президент Садыр Жапаровдун өлкөнү мунай продуктулары менен үзгүлтүксүз камсыздоо тапшырмасын белгилеп, Борбор Азиядагы рынокту эске алуу менен кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле "Торугарт" жана "Эркештам" өткөрмө пункттарынын жанында мунай кампаларын куруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Жыйынтыгында жаңы келишимдерди түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантуу макулдашылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда