Кыргызстанда салыктар боюнча мамлекеттик ЖИ-консультант AiSalyk ишке кирди

Кыргызстанда салыктар боюнча мамлекеттик ЖИ-консультант AiSalyk ишке кирди

Кыргызстанда салык маселелери боюнча мамлекеттик жасалма интеллект консультанты AiSalyk ишке кирди. Бул тууралуу "Салык Сервис" МИсы билдирди.

Маалым болгондой, AiSalyk 24/7 режиминде жеткиликтүү. Анын жардамы менен салык маселесин түшүнүү үчүн адист издөөнүн же мыйзамдардагы татаал формулировкаларды өз алдынча талдап отуруунун кажети жок.

Эң негизги өзгөчөлүгү - AiSalyk жеке кабинетте ишкана боюнча жеткиликтүү болгон салыктык маалыматтарды эске алуу менен кеңеш берет. Башкача айтканда, жалпы маалымат бербестен, так сиздин жагдайыңызды түшүнүүгө жана керектүү чечимди табууга жардам берет.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, системанын билим базасы терең жана логикасы бир жылдан ашык убакыт үйрөтүлгөн. Жаңы консультант мурдагы колл-борборду алмаштырды.

"Эми ЖИ сиздин салыктык маалыматтарыңызды көрүп, кыйла так жана даректүү кеңеш бере алат", - деди ал.

Ошондой эле AiSalyk'тын негизинде жаңы "Салык Кеңеш" бөлүмү ишке кирди. Бул - кодекстер, Министрлер кабинетинин токтомдору жана Салык кызматынын буйруктары топтолгон бирдиктүү база. Документтер категорияларга бөлүнүп, алардын учурда күчүндө экени же жок экени көрсөтүлүп, кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media