Ош облусунда ӨКМдин республикалык машыгуусу башталды

Ош облусунда ӨКМдин республикалык машыгуусу башталды

Бүгүн Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Малымдалгандай, машыгуу президент Садыр Жапаровдун 29-январдагы №20 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонууну даярдоо планынын негизинде өтүп жатат.

Иш-чарага ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асанов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Машыгуунун алкагында катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, уранды астында калгандарды издөө, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрт өчүрүү, медициналык жардам көрсөтүү жана калкты коопсуз аймакка чыгаруу боюнча практикалык иштер аткарылат.

Машыгуу 25-сентябрга чейин уланат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

ЖК кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

ЖК кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.  Жыйында демилгечи депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору кыймылсыз мүлккө байланыштуу көбөйүп жаткан алдамчылык аракеттерден жарандарды коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи. “Кыймылсыз мүлккө

Ишкер Media
Санарип рубль жана тез төлөм - РФнын финансы рыногундагы өзгөрүүлөрдү тездетүүдө

Санарип рубль жана тез төлөм - РФнын финансы рыногундагы өзгөрүүлөрдү тездетүүдө

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 23–26-сентябрь күндөрү өтүп жаткан XXIII Эл аралык банк форумунун катышуучуларына, уюштуруучуларына жана конокторуна кайрылып, каржы рыногундагы негизги өзгөрүүлөр тууралуу айтып өттү. Мишустиндин белгилешинче, санариптик рублди жана тез төлөм системаларын киргизүү каржы кызматтарынын заманбап түзүмүн өзгөртүп, рыноктогу өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткычына айланууда. “Жаңы инфраструктура өзгөрүүлөрдүн

Ишкер Media
Калыс-Ордодогу жаңы мектептин курулушу аяктады

Калыс-Ордодогу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иштер 2026-жылдын март айында башталып, үч блоктон турган имараттын жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт. Жаңы корпуста окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттери

Ишкер Media
Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ош шаарында эреже бузган жана ээсиз калтырылган унаалар үчүн атайын токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, объект Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. 5 452 чарчы метрге асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр, 549

Ишкер Media