Ош облусунда "Ала-Тоо Амир" ишканасына 34,2 млн сомдук линия берилди
Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев "Ала-Тоо Амир" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда продукция Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы "Глобус", "Фрунзе", "Азия" гипермаркеттеринде жана "Ак-Ниет", "Народный" супермаркеттеринде сатылууда. Ишканада 50дөн ашык туруктуу жана 100дөн ашык сезондук жумушчу эмгектенет.
Өндүрүштү кеңейтүү максатында Мады айыл аймагында жаңы завод курулуп жатат. Биринчи этапта улуттук суусундуктар цехи ишке кирди, азыр сүт жана кургатуу цехтери салынууда.
Долбоордун алкагында агрегаторго 34 млн 275 миң сомдук өндүрүш линиясы берилген. Учурда курут, шербет сыяктуу азыктар чыгарылууда. Экинчи этапта "Мамлекеттик финансылык холдинг" тарабынан 35 млн сомдук жабдуу алуу пландалууда.
Ошондой эле 13 фермерге жалпы 12 млн сомго 57 баш бооз торпок жана 3 баш бука берилди. Дагы 12 фермерге 42 млн сомдук мал алуу үчүн өтүнөм даярдалды.
Аманкан Кенжебаев мындай ишканалар сүт кластерин өнүктүрүп, фермерлерди туруктуу киреше менен камсыздап, ички рынокту сапаттуу ата мекендик продукция менен камсыздай турганын белгиледи.