Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды

Ош облусундагы "Абдурашит Ата" чарбасына 57 млн сом каржылоо жактырылды

Бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районундагы Кызыл-Тал айылында жайгашкан "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалымдалгандай, чарба жыл сайын 300 тоннадан ашык сүт өндүрөт. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылган. Атап айтканда, "Ёлочка" саан аппараттары, муздаткыч танкер, жем тараткыч жана автоматташтырылган башкаруу системасы орнотулган.

Евроферманы түзүүгө 200 миң доллардан ашык жеке инвестиция салынган. Долбоордун алкагында 2 трактор, 2 жүк ташуучу унаа жана Европадан алып келинген симментал породасындагы 58 баш бооз торпок сатып алынган.

Мындан тышкары, бул нарк чынжырына кирген 3 айыл чарба кооперативине Мамлекеттик финансылык холдинг тарабынан 57 млн сом өлчөмүндө каржылоо жактырылган. Каражат сүт өндүрүшүн кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат.

Таанышуу учурунда Аманкан Кенжебаев мындай долбоорлор аймактын сүт кластерин өнүктүрүүгө жана калктын кирешесин жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.

"Абдурашит Ата" фермасы - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ийгиликтүү мисалы. Бул багыттагы долбоорлор аймактын агрардык секторун жаңы деңгээлге чыгарат", - деди ал.

Маалымат үчүн: "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасы 2023-жылдан бери иштейт. Учурда 15 адам туруктуу жумуш менен камсыздалган.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media