Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ошто жаңы унаа токтотуучу жай ачылды

Ош шаарында эреже бузган жана ээсиз калтырылган унаалар үчүн атайын токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, объект Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жалпы аянты 6 091 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. 5 452 чарчы метрге асфальт төшөлүп, 256,5 метр бордюр, 549 метр темир тосмо орнотулган. 359 метр ирригациялык система тартылып, 300 чарчы метр жашыл аймак түзүлгөн.

Жаңы жайдын абалы менен мэр Жанарбек Акаев жана шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов таанышып чыкты.

Мэриянын айтымында, жаңы токтотуучу жай жол кыймылын тартипке келтирүүгө жана шаардын санитардык абалын жакшыртууга өбөлгө болот.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда