ЖК кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

ЖК кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

 Жыйында демилгечи депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору кыймылсыз мүлккө байланыштуу көбөйүп жаткан алдамчылык аракеттерден жарандарды коргоо максатында иштелип чыкканын белгиледи.

“Кыймылсыз мүлккө карата каттоо аракеттерин жүргүзүүгө өз ыктыяры менен тыюу салуу механизмин киргизүү сунушталууда. Тагыраагы, мыйзам долбоору алдамчылык аракеттердин алдын алууга жана жарандарды, биринчи кезекте улгайган адамдарды үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттеринен улам кыймылсыз мүлкүнөн ажырап калуудан коргоого багытталган”, – деди эл өкүлү.

Ошондой эле Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда коюлган тыюуну алып салуу жөнүндө чечим 24 сааттан кийин күчүнө кирери каралганын кошумчалады. Муну менен катар жарандардын укуктарын кошумча коргоо максатында бул мөөнөттү 72 саатка чейин узартуу боюнча сунушту колдой турганын белгиледи.

 Талкуу маалында депутаттар интернеттин жана заманбап техникалык каражаттардын кеңири жайылышы менен алдамчылык фактылары да көбөйүп жатканын жүйө келтирип, жарандарды алдамчылык схемалардан коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media