Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талкууланды

Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн парламенттин жеткиликтүүлүгүн комплекстүү баалоонун экинчи этабы өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушууга "Ала-Тоо»" тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутаттар Гүлжан Сатиева, Чолпон Эсенаманова жана тиешелүү тараптар катышты.

Талкууда майыптыгы бар адамдардын парламент ишине катышуусу, депутаттар менен түз байланыш, имараттагы физикалык шарттар, маалыматтык жана санариптик ресурстарды пайдалануу маселелери каралды.

Баалоонун максаты - тоскоолдуктарды аныктап, аларды жоюунун жолдорун иштеп чыгуу.

Иш-чара 22-24-сентябрь күндөрү Жогорку Кеңеш, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу жана Парламентти өнүктүрүү борбору тарабынан, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен өтүп жатат.

Жыйынтыгында парламенттин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштамалар даярдалат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк эл аралык HR-тренинг ретритин өткөрдү

Улуттук банк эл аралык HR-тренинг ретритин өткөрдү

Улуттук банк 15-17-сентябрда "Кызматкерлерди окутууда жана кесиптик өнүктүрүүдө HR ролу" темасында эл аралык көчмө HR-тренинг ретритин уюштурду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага Германиянын Deutsche Bundesbank, Венгриянын Magyar Nemzeti Bank борбордук банктарынын, ошондой эле Грузия, Азербайжан жана Армениянын борбордук банктарынын

Ишкер Media
Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту

Эрлист Акунбеков Кытайдын мунай компаниялары менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын CNPC жана Sinopec компанияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, мунай кендерин чалгындоо жана иштетүү, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мунай продуктуларын өткөрүүчү куур куруу долбоорлору талкууланды. Акунбеков президент

Ишкер Media
Улуттук банк борбордук банктардын региондук тегерек столуна катышты

Улуттук банк борбордук банктардын региондук тегерек столуна катышты

18-сентябрда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн борбордук банктардын жетекчилеринин биринчи региондук тегерек столуна катышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Грузиянын Улуттук банкы тарабынан J.P. Morgan банкы менен биргеликте уюштурулган. Жыйында регионалдык макроэкономикалык абал, акча-кредит саясаты, геосаясий шартта

Ишкер Media
Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды

Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды

КРнын Улуттук банкы улуттук валюта - сомду төлөм катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн Бишкек шаарындагы юридикалык жакка 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Мындай билдирүүнү Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган. Тактап айтканда, улуттук валютанын акча белгилерин төлөм каражаты катары кабыл алуудан негизсиз

Ишкер Media