Жээнбек Кулубаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

Жээнбек Кулубаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты

23-сентябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келген жолугушууда БУУнун Уставында камтылган максаттарды жана принциптерди ишке ашыруу контекстинде ЖККУнун алкагындагы кызматташуунун аспектилери боюнча пикир алмашуу болду.

Маалыматка ылайык, жамааттык коопсуздуктун натыйжалуулугун жогорулатуу, пайда болгон кыйынчылыктарга ыкчам жооп кайтаруу жана аймакта тынчтыкты жана өнүгүүнү сактоо үчүн Уюмдун ишмердүүлүгүн БУУ жана башка эл аралык түзүмдөр менен координациялоонун мааниси өзгөчө баса белгиленди.

Ошондой эле министрлер 2026-жылдын 11-ноябрында Москва шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда