Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

6-ноябрдан 8-ноябрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү пайда болуу коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады.

Билдрирүүгө караганда, өзгөчө Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74–90-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңору эскертилди.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо менен кыймыл чектелиши зарыл.

Айдоочуларга тоолуу жолдордо этият болуу жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоо сунушталат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Аламүдүн районунда 3 жылда 41 социалдык объект курулуп, оңдолду

Аламүдүн районунда өнөр жай өндүрүшү 16,2 млрд сомго жетти

Парагвайда банк кризисинен кийин президент кызматтан кетүү тууралуу арызын берди

Экономикалык контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин чеги жогорулашы мүмкүн

Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт