Парагвайда банк кризисинен кийин президент кызматтан кетүү тууралуу арызын берди

Парагвайда банк кризисинен кийин президент кызматтан кетүү тууралуу арызын берди

Парагвайда каржылык абалы начарлаган Ueno Bank банкынын ишмердигине Борбордук банк кийлигишип, аны жөнгө салуу жол-жобосун баштады. Банктын кардарлары эсептерине жана кызматтарына кире албай, өз каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажырады. Бул окуя өлкөдө каржылык жана саясий кризисти жаратты.

Euronews басылмасынын маалыматына ылайык, Парагвайдын Борбордук банкы - Ueno Bankтын капитал жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчү талап кылынган деңгээлден төмөн түшүп кеткендигин билдирген. Көзөмөл органы банктын активдерин текшерүү жана аманатчылардын каражатын коргоо үчүн атайын башкаруучуларды дайындаган.

Маалыматтарга караганда, банктын дээрлик 3 миллион кардары бар жана ал мамлекеттик мекемелердин болжол менен 850 млн доллар каражатын башкарган. Анын ичинде социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык фонддордун каражаттары да болгон. Мыйзам боюнча, ар бир аманатчыга 75 минималдуу айлык акыга чейинки сумма кепилденет. Бул болжол менен 228 млн гуараниге барабар.

Банктагы көйгөйдөн кийин өлкөнүн Борбордук банкынын жетекчиси кызматтан кетти. Ал эми 5-ноябрда Парагвайдын президенти Сантьяго Пенья да кызматтан кетүү тууралуу арыз берген. Буга чейин парламентте ага карата импичмент жараянын баштоо маселеси көтөрүлүп келген.

Банктын ишине байланыштуу тергөө жүрүп, анын 8 жетекчиси жана кызматкери кармалганы кабарланган. Тергөө банктын каржылык операцияларын жана көзөмөл жүргүзүүдө мүмкүн болгон мыйзам бузууларды иликтеп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Аламүдүн районунда 3 жылда 41 социалдык объект курулуп, оңдолду

Аламүдүн районунда өнөр жай өндүрүшү 16,2 млрд сомго жетти

Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Экономикалык контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин чеги жогорулашы мүмкүн

Бишкекте 3 күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт