Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолунун 6 километри асфальтталды
Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Бишкек – Күн-Туу – Шопоков автожолун реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Билдирүүгө караганда, бүгүнкү күндө жолдун 6 километрине асфальттын эки катмары толук төшөлүп бүттү.
Учурда жол белгилерин, жол чийиндерин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштери 2025-жылы башталган.
Жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу