МИК "Ынтымак" турак жайынын батирлерин арзан сунуштады
Бишкекте салынып жаткан "Ынтымак" ипотекалык турак жай комплексинин алгачкы батирлери жакында ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, президентти иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев батирлердин ички жасалгалоосу, курулуш материалдары жана сантехникалык жабдуулардын сапаты менен таанышкан. Ал батирлерди эконом-класстагы турак жайлар менен салыштырууга болбой турганын, алар премиум-класстын талаптарына жооп берерин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө бул аймакта ушундай деңгээлдеги батирлердин бир чарчы метри 2 500 доллардан жогору сатылса, мамлекеттик ипотека аркылуу толук жасалгаланган, жашоого даяр батирлер 1 400 доллардан сунуштоодо", - деп айтылат маалыматта.
"Ынтымак" Бишкек шаарында жашоочулар үчүн жетиштүү унаа токтотуучу жайлар каралган алгачкы ири турак жай комплекстеринин бири болот. Комплекстин аймагында мектеп, бала бакча, балдар ойноочу аянтчалар, жашоочулар сейилдеп, эс ала турган өзүнчө аллея жана ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу