Кийинки жылдагы ажылыктын наркы 5800 доллар болуп бекитилди

Кийинки жылдагы ажылыктын наркы 5800 доллар болуп бекитилди

Кийинки жылдын ажылыктын наркы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Кырыгызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматта ажылыктын баасынын кымбатташынын себеби катары жайгаштыруу маселеси белгиленген. Буга чейин Меккедеги вакф мекемелери зыяратка баргандарга мейманканаларды акысыз бөлүп берип келишкен. Бирок быйыл ал мейманканаларга жайгашуу мүмкүнчүлүгү болбой калган.

"Себеби, ал мейманканалар Меккенин ар кайсы жеринде жайгашкан. Тактап айтканда, 14 имарат ар башка аймакка бөлүнүп кеткен. Ар бир имаратка 200дөн 500гө чейин адам гана жайгашкан. Мындай шартта ажыларыбыздын баарын бирдей тейлөө, аларга кызмат кылуу, зарыл абалда жардам берүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүү бир топ кыйын болуп келген. Мындан тышкары, ал мейманканалардын шарттары да талапка толук жооп берген эмес. Айрым документ иштерин бүтүрүүдө да кыйынчылыктар кездешкен. Ошондуктан быйыл ажыларыбызды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Мунун жакшы жагы, бардык ажыларыбыз бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашат. Анткени аларга кызмат кылуу, жардам берүү, тейлөө жана уюштуруу иштерин жүргүзүү жеңилдейт", - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Петровкадагы кара түтүн үчүн "Асман Кирпич" ишканасы айыпка жыгылды

Бишкекте 33 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду

Кыргызстан менен Кытайдын энергетикалык системалары 2028-жылга чейин бириктирилиши мүмкүн

Лицензиясыз валюта алмаштырган 4 жаранга айып пул салынды

Кыргызстан менен ЕРӨБ суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет