Петровкадагы кара түтүн үчүн "Асман Кирпич" ишканасы айыпка жыгылды

Петровкадагы кара түтүн үчүн "Асман Кирпич" ишканасы айыпка жыгылды

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы кирпич заводунан кара түтүн чыкканы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, №8 түзөтүү мекемесинин аймагында "Келечек" мамлекеттик ишканасы менен "Асман Кирпич" ЖЧКсынын катышуусунда кирпич заводунун курулушу жүрүүдө.

Заводдун мешиндеги фильтрация системасын текшерүү үчүн жабдуулар сыноо иретинде ишке киргизилген. Алгачкы иштетүүдө жөндөө иштери толук бүтө электе болжол менен 20 мүнөт кара түтүн чыккан. Кийин жабдуулар жөнгө салынып, түтүн токтогон.

Бул факты боюнча министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы "Асман Кирпич" ишканасына административдик чара көрүп, 28 миң сом айып салды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 33 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду

Кыргызстан менен Кытайдын энергетикалык системалары 2028-жылга чейин бириктирилиши мүмкүн

Лицензиясыз валюта алмаштырган 4 жаранга айып пул салынды

Кыргызстан менен ЕРӨБ суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Жумгалдын Чаек айыл өкмөтүнө 6 атайын техника тапшырылды