Бишкекте 33 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду

Бишкекте 33 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду

Бишкектеги Исакеев жана Ч. Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз пайдаланылып келген 33 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси бошотулду. Аймактан 1 миңден ашык автоунаа чыгарылып, 83 кеңсе жайы демонтаждалды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жер тилкеси жеке жактарга унаа токтотуучу жай катары пайдаланууга берилген. Бирок иш жүзүндө ал автоунааларды сатуу аянтчасына айланган. Бул жердин белгиленген максаттуу багытына туура келген эмес.

Буга байланыштуу "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдер бузулган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аймактагы тосмолор да жер ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө алынган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Кытайдын энергетикалык системалары 2028-жылга чейин бириктирилиши мүмкүн

Лицензиясыз валюта алмаштырган 4 жаранга айып пул салынды

Кыргызстан менен ЕРӨБ суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Жумгалдын Чаек айыл өкмөтүнө 6 атайын техника тапшырылды

Кара-Кече ЖЭБин өлкө өз күчү менен курмакчы