Кыргыз делегациясы КМШнын саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты
Өзбекстанда Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыгы боюнча кеңешинин XXXIX жыйыны өттү. Ага Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген делегациясы катышты.
Делегациянын курамына өлкөдөгү тиешелүү багыттагы улуттук борборлорунун жетекчилери кирди.
Маалым болгондой, жыйында инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, медициналык кадрларды даярдоо, тармакты санариптештирүү жана дары-дармек менен камсыз кылуудагы коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды.
2027–2030-жылдарга карата кургак учуктун, онкологиялык оорулардын жана кант диабетинин алдын алуу боюнча биргелешкен программаларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасы илимий жана кесиптик кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана КМШнын алкагында өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин тастыктады.
Жыйынга катышуу практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Анын жыйынтыктары мамлекеттерибиздин калкынын ден соолугун сактоого, өмүрүнүн узактыгын көбөйтүүгө жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүүгө тийиш.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу