"Асанбайда" Кыргызстандагы эң бийик кароол дөңгөлөгү орнотулуп жатат

"Асанбайда"  Кыргызстандагы эң бийик кароол дөңгөлөгү орнотулуп жатат

Бишкекте "Асанбай" паркын жаңылоо иштери уланып жатат. Октябрь районунун акимчилигинин маалыматы боюнча, учурда паркка жаңы форматтагы аттракциондор орнотулуп, эс алууга ыңгайлуу инфраструктура кеңейтилип жатат.

Паркка орнотулуп жаткан кароол дөңгөлөгү (колесо обозрения) бийиктиги 90 метрди түзөт. Бул Кыргызстандагы эң бийик аттракцион болот.

Акимчилик кошумчалагандай, курулуш бүткөндөн кийин "Асанбай" паркы борбордун түштүк бөлүгүндөгү эң чоң жана заманбап эс алуу аймактарынын бири болуп калат.

Учурда Кыргызстандагы эң бийик кароол дөңгөлөгү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында — 76 метр. Бишкекте болсо Панфилов паркындагы кароол дөңгөлөгү — 50 метр жана ал эң бийик деп эсептелет.

Иштердин аякташы 2026-жылдын июнь айына пландалган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга  чектөө киргизди

Кыргызстанда 140 миңден ашуун адам кредит алууга чектөө киргизди

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу кызматына 140 миң 264 жаран кошулганын Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Өзүнө өзү тыюу салуу механизми насыяларды мыйзамсыз алуу жана алдамчылык операцияларын азайтуу максатында ишке киргизилген. Жарандар бул чектөөнү мамлекеттик электрондук кызматтар

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

ЮНЕСКО Кыргызстандын маданий долбоорлорун колдоорун билдирди

Париж шаарында Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолукканын ТИМден билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уюмдун артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууга жигердүү салым кошуу максатында Кыргызстан ЮНЕСКОнун жетекчи органы болуп саналган Аткаруу кеңешинин мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштап, 2025-2029-жылдарга шайлангандыгы белгиленди. Өз кезегинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик мыйзамсыз тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 400 метрлик мыйзамсыз балык тору чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди. Бүгүн Ысык-Көлдүн акваториясында министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда узундугу 400 метр болгон эски кытай синтетикалык балык тору аныкталып, көлдөн чыгарылды. Иш-чаранын

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Бийлик ашыкча чыгымдарга катуу чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинети жарандардын ашыкча чыгымдарын кыскартуу жана салттуу иш-чаралардагы социалдык басымды азайтуу максатында "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана аза күтүү жөрөлгөлөрүн тартипке салуу жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Негизги сунуштар: * Үйлөнүү тойлорго жана үй-бүлөлүк салтанаттарга 200 адамдан ашык чакырууга болбойт, ошондой эле бир гана жылкы же уй союуга уруксат