Илон Маск 118 млрд $ жоготуп, триллионерлер катарынан чыкты

Илон Маск 118 млрд $ жоготуп, триллионерлер катарынан чыкты

Америкалык ишкер, Илон Маск акыркы өзгөрүүлөрдөн улам 118 миллиард $ жоготуп, дүйнөдөгү триллионерлердин катарынан чыкты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги бүгүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, Масктын байлыгы 11% кыскарып, 957 млрд $ чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда анын байлыгы жыл башынан бери 338 млрд долларга же 54,5 % көбөйгөн бойдон калууда.

Масктын негизги активдери катары Tesla жана SpaceX эсептелет. Айрыкча SpaceX компаниясынын баасы 2026-жылдын июнь айында биржага чыккандан кийин 1,8 триллион $ жеткен.

Bloomberg белгилегендей, байлыктын азайышына негизинен Teslaдагы акцияларга байланышкан өзгөрүүлөр себеп болгон. Маск мурда сыйлык катары алган айрым акциялар белгилүү шарттар аткарылмайынча жеткиликтүү болбогондуктан, алар анын таза байлыгын эсептөөдө эске алынган эмес. Натыйжада анын капиталы болжол менен 111 млрд $  кыскарган.

Мындан тышкары, Маск SpaceX компаниясынын миллиарддаган акцияларына, ошондой эле Neuralink жана The Boring Company стартаптарындагы үлүштөрүнө ээ.

Ошого карабастан, 957 млрд долларлык байлыгы менен Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири бойдон калууда жана Bloomberg агенттигинин – дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичиндеги 500 миллиардердин сап башында келе жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media