Пенсиялык топтоолорду кандай учурда пайдаланууга болот?

Пенсиялык топтоолорду кандай учурда пайдаланууга болот?

Кыргызстанда жарандар пенсиялык топтоо каражаттарын айрым социалдык маанилүү максаттарга пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул боюнча акыркы өзгөртүүлөр 2026-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирген.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, КРнын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүндүгү каралган:

1.       Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү;
2.       Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыкканда;
3.       Мураскорлорго;
4.       Аскер кызматкерлерине төлөө;
5.       Ипотекалык насыялоого;
6.       Жумушсуздукка;
7.       Оор ооруларды дарылоого

Акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, жарандар ипотекалык карызын төлөө үчүн же тизмеге кирген оор оорулар менен жабыркаган учурда пенсиялык топтомо каражаттарын көп жолу пайдалануу укугуна ээ болушат. Бул үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарына тиешелүү документтер менен кайрылуу зарыл. Буга чейин бул каражатты мурда келишим түзүлгөн адам гана пайдалана алган болсо, эми анын мыйзамдуу жубайына да мындай укук берилет.

Мисалга: ипотекалык насыя алууда пенсиялык топтомону алуу шарты

1️) КРнын Социалдык фондунун аймактык башкармалыгынан жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмө алыңыз.
2️) Банкка же курулуш компаниясына кайрылыңыз: алынган көчүрмөнү көрсөтүп, алардан тастыктоочу кат алыңыз (ипотекалык насыя жөнүндө).
3️) КР Социалдык фондунун аймактык башкармалыгына документтер топтомун тапшырыңыз.

Ипотека үчүн керектүү документтер: арыз ээсинин паспорту; нике күбөлүгү (жубайы кайрылган учурда); банктан, каржы-насыялык мекемеден ипотекалык келишим боюнча карыздын бар экендиги жөнүндө тастыктоочу кат.

Пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда пайдалануу үчүн топтоо эсебиндеги каражаттын көлөмү 50 миң сомдон жогору болушу керек.


Эске салсак, ар бир кызматкердин эмгек акысынын 10 % Социалдык фондго которулат. Анын 8 % пенсиялык фондго, ал эми 2 % мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна чегерилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media