Бишкекте түнкү автобустар жүрүп баштайт

Бишкекте түнкү автобустар жүрүп баштайт

3-июлда саат 23:00дөн тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары иштей баштайт.

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымында, биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 каттамдары ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.

Жаңы кызмат борбор калаанын тургундарын жана конокторун кечки жана түнкү убакта коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү коомдук транспорт менен камсыз кылууга багытталган.
Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

 накталай эмес төлөмдө (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө) – 70 сом;

накталай төлөмдө — 90 сом.

Түнкү автобус каттамдарын пилоттук режимде ишке киргизүү шаардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары менен конокторуна түнкү убакта коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media
Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр

Ишкер Media
Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк Ноокенде финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

30-сентябрда Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунда көчмө семинар уюштурушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, семинар социалдык жактан аялуу катмардагы жарандар - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мигранттар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өткөрүлдү. Иш-чарада адистер жеке каражатка жоопкерчиликтүү

Ишкер Media
Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media