Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Мындан ары президентке “Түндүк” тиркемеси аркылуу кайрылууга болот

Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүү үчүн кагаз түрүндөгү арыз жазуунун, почта аркылуу жөнөтүүнүн же президенттин администрациясына жеке баруунун кажети жок. Бардык кайрылуулар тиркеме аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат. Бул тууралуу Кызмат мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, колдонуучулар өздөрүнүн кайрылуусуна расмий документтерди, сүрөттөрдү жана башка кошумча материалдарды тиркей алышат. Тапшырылгандан кийин, кайрылуу расмий түрдө катталат жана арыз ээси анын абалын көзөмөлдөй алат.

Жаңы кызматты колдонуу үчүн, сиз “Түндүк” тиркемесин эң акыркы версияга жаңыртып, башкы беттеги “Президентке кайрылуу” бөлүмүн тандашыңыз керек.

Мындан тышкары окуңуз

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматында мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелери каралды. Тараптар

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

Бүгүн "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын Финансылык-кредиттик фонддон кайра түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ал эми уюмдун жалпы тарыхы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд түзүлгөн учурдан тартып 29 жылды камтыйт. 2025-жылдын 17-июлунда Министрлер Кабинетинин токтому менен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсы түзүлүп, анын