РФнын коллектордук рыногунда көйгөйлүү насыялар азайдыбы?

РФнын коллектордук рыногунда көйгөйлүү насыялар азайдыбы?

Жакынкы эки жыл ичинде коллектордук рынокто мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көлөмү азайышы мүмкүн. Мындай божомолду «Эксперт РА» рейтингдик агенттиги жүргүзгөн изилдөөсүндө билдирди.

Аналитиктердин айтымында, буга банктар тарабынан керектөө насыяларынын кыскарышы жана микрофинансылык уюмдардын насыя берүү көлөмүнүн төмөндөшү себеп болот. Натыйжада коллектордук компанияларга сатылуучу көйгөйлүү насыялардын көлөмү азайышы күтүлүүдө.

Ошол эле учурда, 2026-жылдын жыйынтыгында банктардан сатылып алынган көйгөйлүү карыздардын көлөмү 11%га өсүп, 360 млрд рублга жетери, ал эми микрофинансылык уюмдардын карыз портфели 24%га көбөйүп, 140 млрд рублду түзөрү болжолдонууда. 2027-жылы бул эки сегментке салынган инвестициялар дээрлик теңелери күтүлөт.

Изилдөөдө коллектордук рынок акырындык менен ири компаниялардын колуна өтүп жатканы белгиленген. 2028-жылга чейин эң ири агенттиктердин рыноктогу үлүшү 90%га жетип, чакан компаниялар үчүн атаандашуу кыйындайт деген божомол айтылат.

Ошол эле учурда тармак өкүлдөрү карыздарды өндүрүү рыногу кыскарбайт деп эсептешет. Алардын пикиринде, экономикалык абал турукташкандан кийин калктын насыяга болгон суроо-талабы кайра өсүп, мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын көлөмү да сакталат. Мындан тышкары, коллектордук компаниялар каршеринг, лизинг, маркетплейстер, бөлүп төлөө кызматтары жана турак жай-коммуналдык чарба сыяктуу жаңы багыттар менен иштөөнү кеңейтүүнү көздөшүүдө.

Коллектордук агенттиктер — бул банктардан же микрокредиттик уюмдардан төлөмү кечиктирилген карыздарды кайтарууга адистешкен компаниялар. Алар карыздарды мыйзамдуу түрдө до сотко чейинки жол менен чечүү же сот аркылуу өндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media