Майлуу-Суулук 8-класстын окуучусу Түндүк уюлга барып келди

Майлуу-Суулук 8-класстын окуучусу Түндүк уюлга барып келди

13-августта «Росатомдун» эл аралык илимий-агартуучулук «Билимдин муз жаргычы» экспедициясы Түндүк уюлдан Мурманск шаарына кайтып келди. “Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргычтын бортунда дүйнөнүн бардык жеринен келген таланттуу мектеп окуучулары чогулушкан. Алардын арасында Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова да болду.

Экспедицияны уюштуруучулардын маалыматына караганда, бул рейс жер үстүндөгү кеме менен Түндүк уюлга барган 200-экспедиция катары тарыхта калды. Бул жүрүшкө катышкандар башка өлкөлөрдөн келген курдаштары менен гана таанышып, ак аюуларды көрүп, Арктика жөнүндө көбүрөөк маалымат ала алышты.

Арктика аң сезимди таң калтырат, сөз менен айтып жетирүү мүмкүн эмес. Суук болду, бирок аябагандай кооз, муз жаргычтын айланасында ак аюулар жүрүштү. Түндүк уюл — түндүк кеңдиктин 90 градусу — бул дүйнөнүн чокусу. Ал жерде өз мекениңдин туусун көтөрүп туруу өмүр бою эстен кетпес сезим калтырды. Бул экспедиция биздин планетаны дагы жакшыраак таанып-билүүгө шыктандырды, азыр келечегимди атомдук энергетика менен байланыштырууну ойлоно баштадым”, — дейт Мээрим Турдумахаматова.

Майлуу-Суу шаарынан келген 8-класстын окуучусу Кыргызстандан жалгыз катышуучу болуп тандалып, финалдан ал “Атом технологиялары бүгүн дүйнөнү кантип өзгөртүүдө” деген темадагы долбоорун ийгиликтүү коргогондугу маалым болду.

Кыздын айтымында, ал сынакка өз ишин жөнөткөндө жөн гана күчүн сынап көрүүнү максат кылган, бирок жыйынтыгында бардык үч этаптан өтүп, Кыргызстандан катышкан 827 катышуучунун арасынан биринчиликти багындырып алган.

Арктикалык рейс үчүн өткөрүлгөн эл аралык тандоого жалпысынан 22 өлкөдөн 5 миңге жакын окуучу ат салышкан. Тандоонун үч этабынын жыйынтыгы менен "Росатомдун" - "Билимдин муз жаргычы" VII эл аралык илимий-агартуучулук экспедициясынын курамы түзүлгөн.

Атомдук муз жаргычтын бортунда он күн ичинде өспүрүмдөр Мурманск — Түндүк уюл — Франц-Иосиф жери — Мурманск маршруту боюнча жол жүрүшкөн. Түндүк уюлга жеткен күнү символикалык акция уюштурулуп — 90° чекиттин тегерегинде эң түндүктөгү интернационалдык хоровод болгон. Ал Башкортстандан келген AY YOLA музыкалык тобунун жандуу аткаруусунун коштоосунда өткөн.

Биз “Билимдин муз жаргычы” арктикалык экспедициясынын жетинчи рейсин ийгиликтүү аяктадык. Экипаж ар дайым бул долбоорго өзгөчө мамиле жасайт: мындай сапарлар келечек муундун өнүгүүсүнө чындап салымын кошот. Экспедицияга эң акылдуу жана таланттуу балдар тандалып жатат — биз муну дагы бир жолу тастыктадык. Алардын көбү Түндүк уюлда болууну, ак аюуларды көрүүнү кыялданып келишкен, “Росатом” мамлекеттик корпорациясы жана биздин экипаж алардын бул кыялын ишке ашырууга жардам бергенибизге - абдан кубанычтабыз”, - деди “Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргычынын капитаны Руслан Сасов.

“Билимдин муз жаргычы” экспедициясынын катышуучулары үчүн кызыктуу илимий-агартуучулук программа уюштурулуп, анын алкагында чыныгы аэрокосмостук лаборатория сунушталды. Экспедициянын алкагында катышуучулар окумуштуулар менен биргеликте эки уникалдуу экспериментти даярдап, ишке ашырышты: алар Арктиканын жетүүгө катаал аймактарында жана Түндүк деңиз жолунун каттамдарында байланышты камсыз кылуу үчүн радиозондду учурушту, ошондой эле дүйнөдөгү биринчи кайтып келе турган стратосфералык платформаны сыноодон өткөрүштү.

“Росатомдо” биз кечээ эле фантастика болуп көрүнгөн нерселердин үстүндө иштейбиз. Аны балдарга жандуу көрсөтүү биз үчүн өзгөчө маанилүү, ошондуктан муну “Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргычынын бортунда жасоо абдан сонун болду. Экспедиция учурунда балдар россиялык илим келечекке жана адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөрткөн реалдуу технологияларга негизделгенин көрө алышты”, — деп белгиледи, “Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуучулук экспедициясынын эксперти - Егор Плахотнюк.

Маалымат үчүн:

“Билимдин муз жаргычы” илимий-агартуучулук долбоору “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулган. Ал табигый-илимий дисциплиналарды жана атом тармагындагы технологияларды жайылтууга, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды издеп табууга, алардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик багыт берүүгө багытталган. Долбоорго дүйнөнүн булуң-бурчунан 14–16 жаштагы мектеп окуучулары жана орто атайын билим берүү программаларынын студенттери катышышат. Алардын ичинен эң мыктылары “Жеңишке 50 жыл” атомдук муз жаргычынын бортунда Түндүк уюлга илимий-агартуучулук экспедицияга аттанышат.

Россия — дүйнөдө атомдук муз жаргыч флотуна ээ болгон жалгыз өлкө. Флоттун оператору болуп “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын “Атомфлот” федералдык мамлекеттик унитардык ишканасы саналат. Бүгүнкү күндө “Атомфлот” федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын муз жаргыч флотунун курамында сегиз атомдук муз жаргыч бар.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат

“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат

“Манас” эл аралык аба майданы “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен келишим түзгөн расмий такси компаниялары гана иштей алышат. Бул тууралуу компаниянын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттерге билдирген. Анын айтымына караганда, таксилер белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Тактап айтканда, автопарк жаңы жана бренддүү болушу керек.  Самидинов аба майданы өзүнүн такси кызматын түзүүнү

Нарын облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы кандай белгиленет?

Нарын облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы кандай белгиленет?

Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Нарын облусунда маданий, спорттук жана салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаарында негизги иш-чаралар Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүп, анда майрамдык салтанат жана күндүзгү концерттик иш-чара уюштурулат. Ал эми Жээк аллеясында шаар тургундары жана

Кыргызстанга келген акча которуулар былтыркы жылга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга келген акча которуулар былтыркы жылга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын май айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы 287,9 млн $  түзгөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын май айындагы 299,2 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Өлкөдөн сыртка чыккан акчанын агымы да азайганы байкалууда. 2025-жылдын май айында 36,2 млн $ которулган болсо, быйылкы майда 35,7 млн

Сокулукта айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод ишке кирет

Сокулукта айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод ишке кирет

Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында “Сан Планет Органик” заводу ишке кирет. Ишкана 60 туруктуу жана 400гө чейин сезондук жумуш ордун түзөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, ишкана жергиликтүү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенет. Бул жерде мөмө-жемиштерден, жаңгактан жана балдан табигый азыктар,